Нуркыз Кожонованын концертинде унаа берилет

Нуркыз Кожонованын концертинде унаа берилет
10-Окт. 2019, Бейшемби, 11:09

23-октябрда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаш ырчы Нуркыз Кожонова чыгармачылык концертин тартуулайт.

Кожонова чоң программадагы концертине элди чакырып, өзгөчө жарнакты жар салды. Анда: “Бул майрамдык концертте баш байге - “Мерседес” үлгүсүндөгү унааны утуп алууга мүмкүнчүлүк бар. Аны менен бирге үй-тиричилигине керектүү буюмдар сиздерди кайдыгер калтырбайт. Концертке билет сатып алса, лотерея бекер берилет»,- деп жазылат жарнамада.

Жакында эле ырчы Нуркыз Кожоновага жигити колун сурап, сөйкө салганы интернет баракчаларына тараган. Анда эки жаштын ата-энелери 30-сентябрда жолугуп, таанышып, жигиттин ата-энеси алдын-ала калың беришкен эле. Ырчы кыз 23-октябрда жеке чыгармачылык концертин бергенден кийин турмушка чыгаарына камдана турганын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!