Кечээ Казакстанда өткөн эл аралык айтышта жаш төкмө Эламан Келдибеков 3-орун алды.
"Айтыш" фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов коомчулукка билдирди.
Айтыш кечээ, 9-октябрда Казакстандын Карасай районунун 90 жылдыгына карата өткөн. Айтышка казактын белгилүү акындары катышкан.
Эскерте кетсек, буга чейин Казакстанга акын Жеңишбек Жумакадыр барып, байгелүү орунга илинбей калганы кыргыз коомчулугунда көптөгөн талкууларды жараткан эле.