Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!

Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!
15-Окт. 2019, Шейшемби, 12:27

Кино жана театр актрисасы, ырчы Асема Токтобекова күйөрмандарына дайыма кызыктуу пикирлерин билдирип келет. Бул ирет сүйүү, мамиле тууралуу ойлорун ортого салды.

“Сизди сүйгөн “жүрөктү” эч качан капалантпаңыз жана ага орой мамиле жасабаңыз. Аны ишке ашырыш өтө жеңил. Ансыз да, анын сизге карата болгон сүйүүсү, болгон жерин шамалга ачып турат. Ал “жүрөктү” жаралантып коюш эң оңой, ал үчүн бир гана орой сөзүңүз жетиштүү. Ага кошумча кылып, сиз өзүңүздүн кылган кыймыл-аракетиңиз менен жазалоону кааласаңыз ойлонуп көрүңүз, канчалык оор тийерин! Сүйүү-бул көңүл оорутуу эмес! Бул талкалоо эмес, аярлоо, аздектөө каалоосу. Аны кысып, басынтып, тебелеп, акыл үйрөтүп, ансыз да сизден көз каранды кишиге кимдин ким экенин көрсөтүү менен өз мүдөөңүздү, моокумуңузду, эгоңузду кандыруу акылга сыйбаган көрүнүш. Унутпаңыз анын “жүрөгү “сиздин колуңузда! Ал жүрөктү аярлап сактап да, коргоп да калуу, же болбосо “каны” чыкканча алакаңыздагы “жүрөктү” кысуу бир гана сиздин эркиңизден көз каранды. Бирок, ал алаканды катуу мыжыгуу менен бир гана “канын” тамчылатпастан, сүйүү сезимин да катуу басып, колдон чыгарып жатканыңызды эске туя жүрүңүз. Тамчылап түшкөн ар бир тамчы “каны” менен кошо, ыйык сүйүү сезимдери сизди сүйгөн “жүрөктөн”чыгып кетиши мүмкүн. Аны кийин өз колуңуз менен кургатып салган “кан тамырларынан” издөөгө арзыбайт... Андыктан, колуңузда турган “жүрөктү” эмитен аярлап сактаңыз, коргоңуз! Ансыз да жаман кылып коюш бир паста! Күчтүү, эрктүү болуңуз да, сүйүү, үй-бүлө үчүн жакшы бир нерсе кылганга аракет кылып көрүңүз”,-деп жазды актриса.

Эскерте кетсек, Кинематографисттер союзунун мүчөсү Асема Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы "Боз салкын" тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн "Восток-Запад" эл аралык кинофестивалында "Эң назик образ" байгесине ээ болгон. Учурда наристе күтүп жаткан кези.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады