Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?

Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
15-Окт. 2019, Шейшемби, 13:10

Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы ырчы Кызсайкал Кабылова чыгармачыл үй-бүлөнүн кызы катары элге таанымал. Өзүнүн социалдык баракчасында да мыкты блогер. Бул ирет кызыктуу окуя тууралуу окурмандарга баяндап берди.

“Бүгүн бир кызыктуу окуя болду. Бир жума мурун бир мырза салонго келип апама жолугуптур “кызыңызга үйлөнөм, бул жерде иштейм, Дордойдо жумуштарым бар, кыскасы күчтүүмүн” дептир. Апам “кой балам жөн эле кой”,- деп кетирген экен. Бүгүн салонго кирсем бир бала отурат клиент окшойт деп “саламатсызбы!” деп өтүп бара жатсам “токтосоңуз сүйлөшөйүн, таанышайын дедим эле” деп жатпайбы.Эр жүрөк экен эч нерседен коркпой келгенин деп карап койдум.Мен сүйлөшө албайм десем ар кандай суроолорду берди. Мен азыр андай мамилеге даяр эмесмин”,-деп билдирди Кызсайкал Кабылова.

Учурда Кабылова сулуулук салонун иштетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!