Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым

Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
16-Окт. 2019, Шаршемби, 17:49

КТРКнын экс-директору Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык баракчасына коомдо болуп жаткан бардык маселени тамаша чын, какшык ирээтинде жазып турган блогер катары дагы таанымал болууда. Бул ирет коомдук ишмер Арстан Алай Абдылдаев тууралуу пикирин бөлүшүп, окурмандардын талкуусун пайда кылды.

“Уктуңарбы, Арстан Алай мырза мен Кудаймын дептир. Ал эми Дин боюнча мамлекеттик комиссия анализ жүргүзүп, экспертиза кылат экен, анан корутундусун чыгарат экен. Мен ошол комиссияга кайрылат элем, байкелер, мени дагы текшерип койгулачы бир жолу, эмнегедир акыркы күндөрү ушинтип көз айнек тагынып эле асманды карап калдым”,-деп тамаша cөзүн жарыялады ал.

Эскерте кетсек, бүгүн парламенттин жыйынында"Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан маалда депутат Улукбек Ормонов "Мен кудаймын" деп жүргөндөр кандай жазага тартылды?",- деп собол узаткан.

Ага Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов “"Мен кудаймын" деп кыйкырып жаткан адамга карата, айткан сөздөрүнө жараша экспертизага материалдар жөнөтүлгөн. Ошого карата чаралар көрүлөт",- деп жооп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!