Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)

Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
16-Окт. 2019, Шаршемби, 18:17

КРнын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Аалы Туткучев “Байтору” деп аталган ырды аткарып, ага клип тарттырып күйөрмандарына сунуштады.

“Байтору” деп аталган ыр патриоттук сезимдерди көтөрө турган чыгарма болгон. Анда күлүк тулпар тууралуу айтылып, анын өзгөчөлүгү, кыргыз элинин аргымакка карата көз карашы чагылдырылган.

Клипти бир сутканын ичинде 4 миңден ашык адам көрүп, баары жалаң гана жакшы пикирлерин жазышууда. Көрүүчүлөр “Кыргыз улуттун даңазалаган сонун чыгарма болуптур”, “Өзгөчө сонун клип болуптур” деген комментарийлерин калтырышууда.

Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын ээси Аалы Туткучев төкмө акын катары калың журтка таанымал. Бул ирет ал өзүн ырчы катары дагы сынап көрдү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!