Назира Айтбекова уулуна: Эч ким сага милдеттүү эмес!

Назира Айтбекова уулуна: Эч ким сага милдеттүү эмес!
1-Ноя. 2019, Жума, 11:32

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова жашоо-турмуш, сүйүү жана ачуу чындык тууралуу ойлорун эл менен бөлүшүп турары белгилүү. Бул ирет эмнегедир уулуна арнап өзүнүн акыл кеңештерин жазды. Окурмандар аны жылуу кабыл алышты.

“Кагылган каалганын баары эле дароо ачыла берсе, үмүттүн, сабырдын мааниси калат беле, уулум? Күткөндү үйрөн. Төгөрөгү төп келип, тузу кемибеген адам болбойт. Кемтигиңди толуктап, үзүлгөнүңдү улап, чачылганыңды жыйнап отуруп гана бакыттын, жеңиштин, өрүштүн даамын билүү мүмкүн. Аңга түшкөндөн коркпо. Бир жолу түш! Андан кийин алдыңан чыккан миң аңды аттап өтөсүң. Бийиктикке чыккандан да жазганба. Алгач башың айланат. Дендароо болосуң. Атактын, даңктын жүгүн азаптын жүгүн көтөргөндөн да оор, балам. Апамдын мага үйрөткөн сабагын сага калтырам: "Жеткен чегим ушул десең, атагыңа мас болосуң. Дагы өсөм десең, жөнөкөй бол. Көтөрө бил" Башыңа бакыт кушу конгон кезде көзүңдү тунук тут. Май баспасын. Көңүлдү ток карма. Алкым деген жаман нерсе. Жан дүйнөң жетиле элек болсо, бакыт кушун кармап туруш кыйын болот. Аны багып, бапестегенди, бийик бийик учурганда билүү кажет. Оор күнүң келет. Башыңа мүшкүл түшкөндө жабалактаган дос да, тууган да азаят. Ал пендечилик, балам. Кекчил болбо, кечире бил. Кабыргаң майышып турганда ишенип анан таяна турчу тек Жараткан анан өзүң барсың! Эч ким сага милдеттүү эмес! Ата - энең дагы! Өзүңдө өзүң гана барсың! 18ге чыгып, толук кандуу жаран болгуча насаатым, айтчу акылым, кеп кылчу кеңешим да болот. Чоң киши болгон соң, тандоону өзүңө коем. Жашоонун калемин колго аласың. Кандай чиймелесең да, өмүрүңдүн соңунда өкүнбөгөндөй бол!”,-деп жазды Назира айым.

Эскерте кетсек, Назира Айтбекова белгилүү алып баруучу гана эмес, «Стоп Трафик», «Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем»,«Көк-Салкын» фильмдеринде жана бир катар долбоорлордо аткарган ролдору менен элге таанымал актриса. Назира айым социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу болуп эсептелет.Учурда жалгыз уулуна татыктуу тарбия берип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады