Ырчы Анжелика Кайратовага ким шакек салды?

Ырчы Анжелика Кайратовага ким шакек салды?
6-Ноя. 2019, Шаршемби, 13:25

Белгилүү ырчы Анжелика Кайратова өзүнүн социалдык баракчасына шакектин сүрөтүн жүктөп күйөрмандарынын бүйүрүн кызытты. Буга чейин ал сүйүктүү адамына жолукканы тууралуу да маек берген.

“Жашоонун агымы, аял кишинин бактысы деген тема талкууда өтө олуттуу маселе экен. Эгерде аял кишинин негизги орду күйөөгө чыгып, балдарды төрөп, тарбиялап гана үйдө отуруш керек десе, аял киши да илимдүү, билимдүү коомчулукта өз ордун тапкан ишкер болуш керек деген тарап да бар”,-деп жазды шакектин сүрөтүнө бөлүшкөн постунда ырчы айым.

Белгилей кетсек, Анжелика Кайратова мурдагы жолдошу Урмат Бекболиев менен расмий түрдө ажырашкандан бери үч кызын жалгыз тарбиялап, ырчы гана эмес алып баруучу, актриса жана продюсер катары да иш алып барып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!