Кыргызга таанымал болгон төкмө акын, маркум Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жол кырсыгында каза тапты. Бул тууралуу жакындары кабарлашты.
Бүгүн, 11-ноябрда таңга жуук Балыкчы-Кочкор унаа жолунда болгон кырсыктан төрт адам көз жумду. Алардын арасында Акжолтой Канат уулу да болгон.
Акжолтой Канат уулу 1993-жылы туулган.Унаада анын келинчеги болгону тууралуу маалымат дагы айтылып, учурда такталып жатат.
Сүрөт: Баракелде