Назира Айтбекова: Энесине таарынгыла, бирок балаңардан кол үзбөгүлө

Назира Айтбекова: Энесине таарынгыла, бирок балаңардан кол үзбөгүлө
9-Дек. 2019, Дүйшөмбү, 16:16

Белгилүү блогер, алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн социалдык баракчасына ата менен баланын ортосундагы мамиле тууралуу жазды.

“Атам тууралуу ойлондум. Башында катуу сагындым. Түшүмө кирчү. Башкалар атасы тууралуу сөз кылса, ичим ачышып, ыйлаар элем. Кудайдан жатсам - турсам, ата тиледим. Мээримин издеп, улуу адам көрсөм, эркелегим келет. Көзүмөн кадимкидей өтүп турчу. Университетке тапшырганда ар бир мугалимимди ата кылдым. Сени кыз кылып албасам дегендин баарына кыз болдум. Убакыт өткөн сайын ал көрүнүшкө көнүп, кабыл алып каласың. Кийин ичиңдегинин баары сууп, сезимдериң оңой менен жибибегидей, катый түшөт. Уулумдун көздөрүнөн өзүмдүн көздөрүмдү көрөм. Сагыныч, куса, мээримге муктаж болгон көздөрүн кадимкидей тааныйм. Жаңы мектепке которгом. Мага окшоп агайынан ата жасап алыптыр. Коңгуроо болгон сайын ал кишинин классына жүгүрүп барып, кучактап, эркелеп алат. " Апа, бүгүн кеч келчи?" - деди бир күнү. Эмнеге? - десем, -Ал мага планшет берет. Мени менен сүйлөшөт. Чай ичем. Мага катып койгон тамагы болот, - дейт. Атайы кеч барам. Атасынын төрүндө отургандай күрмөсүн ыргытып, бутун бутуна учкаштырып жаткан болот. Макамы бийик, директордон кийинки эле адамга оңой менен дааш мүмкүнбү? Уулума анын аталык мээрими ынады көрүнөт. Кийин атамды өзүм издеп таптым бирок сезимим , сагынычым, кусам таш бп катып калыптыр. Жибиген жок. Маңдайымда чочун адам турду. Акылым тилдейт. Жүрөгүм даабайт. Жараткандан жардам сурайм. Кечирим тилейм бирок жан дүйнөмөн, жүрөгүмөн, көңүлүмөн ага ылайык жай таба алган жокмун. Аракет кылдым. Боор тартып, имериле албай койдум. Кечирдим дейм. Жатаарда Жаратканга шыбырайм. Суранганым уулумдун көңүлүнө таш бүтүрбөсүн! Ташыш азап. Энесинен баш тартсаңар да, балаңардан баш тартпагыла. Энесине таарынгыла, жек көргүлө, бирок балаңардан кол үзбөгүлө”,-деп пикирин бөлүштү блогер.

Бул постко 7 миңден ашык адам жактыруу белгисин басып, 300дөн ашык комментарий жазылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?