Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду

Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
12-Дек. 2019, Бейшемби, 12:55

Шоумен, актер Актан Рыскелдиев жубайы Феруза экөөнүн баш кошконуна 11 жыл болгонун белгилеп, ага ыраазычылык билдирди.

“2008-жылдын 9-декабры болчу. Филармония! Искусство институтунстуденттери арасында Феруза экөөбүз Кыргыз телевидениесинин 50-жылдык мааракесинде мини-спектакль көрсөтмөкпүз. Аябай катуу даярданганбыз, биринчи жолу президенттин алдына чыгып ойнойбуз да. Иши кылса сахна арты ызы-чуу. Менде маанай жок, анткени бир нече күн мурун Феруза менен урушуп кеткем. Ал жүрөт гримёркада сыр бербей. “Кантип барып кечирим сурайм? Кантип барып көңүлүн алсам ыя?”,- деп мен бушайман. Мээмде миллион сөз жаттап атам. Бараарын барып алып Ферузанын жалгыз калышын күттүм. Же баары батыраак чыгып кетсечи гримёркадан. Иши кылса бир учур таап барып болгонун болгондой айттым. Баарын кайрадан баштайлычы, мен сенсиз жашай албай калыптырмын деп. Чөнтөктө сокур тыйын жок, курсакты болсо шамал аралап жүрөт. Кийгеним сэконд-хэнд же атамдын кийимдери. Өзү деле билбейт эмнеге мага алданып, мени сүйүп калганын. Эми деле сүйөт болуш керек, азыркыга чейин жанымда жүргөнүнө караганда. Менин сырдашым, досум, стилистим, дарыгерим, сынчым, келинчегим, балдарымдын апасы - биздин тарыхыбыздын башталганына бүгүн 11 жыл болуптур. Сүйөм сени!”,-деп жазды Актан Рыскелдиев.

Күйөрмандар жубайларга жакшы каалоо-тилектерин арнашып, "кыргыздын үлгүлүү үй-бүлөсүнөн болуп жүргүлө" деген ниеттерин бөлүшүүдө.

Эскерте кетсек, Актан Рыскелдиев 1989-жылы 2-июнда Нарын шаарында туулган. “Тамашоу” программасынын “Позитифф” командасынын капитаны катары таанылган. Жубайы Феруза экөө эки уулун тарбиялашууда. Быйыл “Кошунаны тандабайт” долбоорунун үстүндө иштеп, жакында "Эрке Сары" аттуу музыкалык, оюн-зоок долбоорун баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү