Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!

Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
13-Дек. 2019, Жума, 17:41

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова интернетте тараган, жолдошу менен ажырашкандыгы үчүн балдарын аёсуз сабаган келинге болгон өзүнүн ою менен бөлүштү.

“Фейсбуктан бир аял атасы кетип калганы үчүн балдарынын жанын чыгара сабап аткан видеосун көрдүм. Кыргыз келин. Сабаган сайын "Атаңды чакыр! Чакырбасаң, мен да ошентип кетип калам" сөздөр менен коштолот. Мен жакын арадан бери эмнени түшүндүм билесиңерби? Аял баланы эркек үчүн эмес өзү үчүн төрөш керек экенин түшүндүм! Анткени эркегиң басып кеткенде, балаң сага да кереги жок болуп калат. Сага, көңүлүңө оору алып келген үчүн ошол адамдын уругун жек көрүп, ошондон өчүңдү алгың келет. Өзүң үчүн төрөгөндө, балаң сага керек экенин билгенде ошо таштап кеткен ата сөрөйдөн көз каранды болбойсуң! Сырткы терс кубулуштан, стресстен калкалагың келет баланы. Анын бактысы, күлкүсү бийик турат! Төбөң менен жер казсаң да, чымчыкча тамагын ташып, кийимин таап, чарк айланасың жана аны колко кылбайсың! Алимент күтүп, келишин жолдоп, акчасына, көңүлүнө зар болбойсуң! Анткени бала сеники жана сага укмуштуудай бакыт алып келүүдө! Эртеңки күнү атаңар кетип калганда ызаңарды баладан чыгарып, кордобойсуңар! Эч кимден жардам күтпөгөндү, өзүңөрдүн бутуңарга турганды, өзүңөр үчүн жашаганды, бирөөгө жашооңорду садага чаппаганды үйрөнгүлөчү, аялдар! Биз аялуу, аяр, мээримдүү, сүйүү толгон жанбыз! Биз айланага ызабызды, жек көрүүбүздү чачпашыбыз керек! Кеткиси келген эркек он балаңдын башын аттап да кете берет!” -деген оюн жазды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт