Белгилүү эстрада ырчысы Нурлан Насип кечээ, 20-январдан тартып гив оюнун баштады.Сыйлыкка баалуу белектерден тышкары “Porsche” унаасы берилет.Бул тууралуу ырчы өзү маалымдады.

“Гив башталды! 20-январь саат 20:00дө алгачкы белектер @nurlandan_porshe баракчасында ойнотула баштады. Сиз болгону @nurlandan_porshe баракчасына кирип баардык спонсорлорго катталышыныз керек!”,-деп билдирди ырчы.

Эскерте кетсек, Нурлан Насип Токтогул районундагы Терек-Суу айылында 1990-жылы 10-сентябрда жарык дүйнөгө келген. 2018-жылы ырчы Асел Кадырбекова менен баш кошуп, учурда жубайлар Дария аттуу кызын тарбиялашууда.