«Сүйүнчү чоң апам эгиз төрөйт» тасмасы көрсөтүлө баштайт

«Сүйүнчү чоң апам эгиз төрөйт» тасмасы көрсөтүлө баштайт
22-Янв. 2020, Шаршемби, 11:15

30-январда Кыргызстанда «Сүйүнчү чоң апам эгиз төрөйт» комедиясынын бет ачары болот. Бул тууралуу ырчы Айгерим Расул кызы билдирди.

“30-январдан баштап Кыргызстандын бардык кинотеатрларында «Сүйүнчү чоң апам эгиз төрөйт» комедиясы көрсөтүлө баштайт. Комедияда Гүлшайыр Садыбакасова, Юрий Бобков, Динара Акулова, Расул Маматкулов, Токтайым Уметалиева, Алтынай Нарбаева, Салима Балтаева, Ырыс Жоомартова, Катя Маматкулова, Борончу Кудайбергенов, Райхан Абдувалиева, Шахрезада Аскарова, Денис Бобков, Жаныбай Жаанбаев, Чолпон Бобкова, Алина Балабина, Лутфилла Бусурманкуловдор роль жаратышты. Кыргыздын каймактары тартылган бул комедияны коргон адамдын маанайы 200 пайызга көтөрүлөт, келип комедияны көрүп, маанайыңыздарды көтөрүп, жаркылдап, күлкү майрамына бөлөнүп кетиңиздер”,-деп маалымдады Айгерим Расул кызы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР