Гүлжигит Сатыбеков: Таптым деп бир сүйүнүп алдым

Гүлжигит Сатыбеков: Таптым деп бир сүйүнүп алдым
24-Янв. 2020, Жума, 05:36

Ырчы, обончу Гүлжигит Сатыбеков атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы тууралуу өзүнүн ой толгоосун бөлүшүп окурмандардын жакшы талкуусун жаратты.

“Таенем бала кезде китепти көп окутчу. Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармасын окуп, чычкан аке суу берчи дегендей тамагымдын кургаганы эсимде. Бир дем менен окуп чыктым эле.

2016-жылы насип буйруп Сахалинге жеке концертим менен Ванино портунан паромдо сапар алдык. Биринчи жолу суу үстүндө жүргөндүктөн бирде толкунданып, бирде ыңгайсыз болуп он төрт сааттык жолду бастык. Кемебиз ары бери чайпалса, кылкылдап көңүл айланат. Кургак жер көрүнбөйт, айлана көпкөк мелтиреген деңиз. Паром менен куушуп бизге оюн көрсөткөн деңиз жаныбарлары өзгөчө элес калтырды. Ойкуп-кайкып учкан чайкаларды көрүп, бала кезде окуган чыгарма эсиме түштү негедир. Себеби жээк жакын экенин билдим. Дөбөткө окшош чоң зоону көзүм чалды. Деңиз бойлогон ала дөбөткө окшош экен деп койдум. Балким ушул болуп жүрбөсүн.Таптым деп бир сүйүнүп алдым.

Улуу жазуучубуз сегиз ай жүрүп Сахалинде жашаган элдер жөнүндө жазганын кийин уктум.Чынында өзгөчө сыр каткан керемет жер экен! Ушуну жазгым келди”,-деп жазды обончу.

Аталган посто 3 миңден ашык колдонуучу “жактыруу” белгисин басып, 200дөн ашуун комментарий жазылды.

Белгилей кетсек, ырчы Гүлжигит Сатыбеков 1980-жылы 9-январда Ош шаарында төрөлгөн. Кыргызстандык ырчы, обончу, аткаруучу. "Мен сенден кетейинчи" чыгармасы 2013-жылы "Жылдын супер ыры" наамына татыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР