Айзуура Иманалиева эң көп берилген суроого жооп берди

Айзуура Иманалиева эң көп берилген суроого жооп берди
24-Янв. 2020, Жума, 06:07

Акын Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбү Ороскул кызынын улуу кызы Айзуура Иманалиева сиңдиси Сезим Иманалиеванын сүрөтүн жүктөп, эже-сиңдилер жөнүндө маалымат берди..

“Биздин мамлекет... Дарегибизге берилген эң көп суроо. Мени учурунда капаланткан, жиниме да тийген. “Сиңдиң ким менен? Таштап койгон жоксуңбу?" жана башка ушул өңдүү суроолор. Бирок, азыр туура кабыл алуу менен жооп берем. Демек, ал адамдардын оюндабыз, жүрөгүндөбүз. Сезим айтмакчы: "Өмүр бою чогуу чоңоюп, бири-бирибиздин кыялыбызды экөөбүздөн артык эч ким билбейт".

Жаш айырмачылыгыбыз үч жаш. Биз эгиз козулардай ээрчишип чоңойдук. Апабыздан айрылгандан кийин" Сезим эми каякта жашайт?" деген суроо ойго келген жок. Анткени, анын жообу ансыз да белгилүү болчу. Буюрса, жөжөбүз да бой жетип калды. "Тагдырлашым ушул адам",-деп келгенде, өз колубуз менен турмуш жолуна узатабыз. Мирзат экөөбүздүн мойнубузда чоң жоопкерчилик турары талашсыз. Басып-турган сайын анын бакытын тилеп, мен болсо чоң энедей болуп, кыргыздын кыз берүүдөгү салтын сураштырып, сеп даярдап дегендей. Эки жигит азыртадан кызыкебизди кызганышат, күйөөгө бере электе эле. Ал күндөр да алыс эместир. Энебиздин аманатынын артында мен эле эмес, менден артык жакшы көргөн эки жигит турат, Кудайдын кулагы сүйүнсүн!”,-деп жазды Айзуура Иманалиева.

Күйөрмандары эже-сиңдилерге жакшы каалоо-тилектерин жазышууда.

Эскерте кетсек, Айзуура Иманалиеванын социалдык баракчасында 120 миңден ашык катталуучу бар. “Супер сулуу-2013” сынагында “Сымбатуу сулуу” наамын да багындырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды