Кишимжан Жанышалиева:“Ырдоо мага күч-кубат берет”

Кишимжан Жанышалиева:“Ырдоо мага күч-кубат берет”
27-Янв. 2020, Дүйшөмбү, 10:21

Кыргыз эстрадасында үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирге алып жүргөн чыгармачыл айымдарыбыз көп. Алардын катарында колуна комузун кармап, мукам үнү менен таанылып келе жаткан ырчы айым Кишимжан Жанышалиева бар.

Чыгармачылык менен үй-бүлөнү алып кетүү оңой эмес, бирок сага ишенген, түшүнгөн өмүрлүк жарың болсо, баары өз нугунда болот” – деген Кишимжан айым “ZAMAN.KG” маалымат агенттигине чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу маек куруп берди.

- Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Мен Жалал-Абад областынын Шамалдысай шаарчасынан болом. Ата-энем Аксы районунан көчүп келип, Шамалдысай шаарчасына отурукташып калган. Ата тегим аксылык болгондуктан "аксылыкмын" деп өзүмдү тааныштырган учурларым көп.

- Чыгармачылыкка киришкениңизге канча убакыт болду?

- Мен алгач Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинин журналистика бөлүмүн аяктагам. Кайра өзүм сүйгөн чыгармачылык, ырчылык жаатында билим алууну көздөп, 2013-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине тапшыргам. Быйыл 5-курсмун. Бул окуу жайда мыкты маданияттын кызматкерлери иштейт. Алардын бир менин устатым Элзар Өскөнбаева. Мен шакирти болом. Мектеп жашымдан бери ырчылыкка кызыгып, Шамалдысай шаарчабыздын музыкалык мектебине барып, комуз үйрөнүп, мектептин сахнасында, кийин чоңураак сахналарда ырдап жүрдүм. Комуз кармап ырдаганыма 19 жыл болуп калды.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Үй-бүлөдө 1 кыз 3 уулбуз, мен улуусумун. 24 жашымда Тоң районунун Дөң-Талаа айылына турмушка чыккам. Жолдошумдун аты Адилет. Менин чыгармачылыгымды түшүнгөн мыкты мырза. Бир балабыз бар, 4 жашта.

- Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирге алып кетүү кыйындыкка турбайбы?

- Чыгармачылык менен үй-бүлөнү алып кетүү оңой эмес экен, а бирок сага ишенген, түшүнгөн өмүрлүк жарың болсо, баары өз нугунда болот. Мен азыр, күндө ырдап иштейм, ырдаган сайын ырахат алам. Үйдө апа, жубаймын.

- Чыгармачылыкта эмнеден эргүү аласыз?

- Чыгармачылыкта ырчы катары мени угуп жаткан элден эргүү алам. Элдер мени кунт коюп укса, улам ырдагым келип, жакшы чыгармаларды тартылоодон эргүү алам. Кээде сүйүнгөндө, кайгырганда дагы ырдап эргүү алам. Ырдаганда жеңилдеп калам. Ырдоо мага күч-кубат берет.

- Чыгармачылыкта колдоо көрсөткөн инсандар, продюсер менен иштешесизби?

- Колдоо көрсөткөн адамдар бул ата-энем, жолдошум жана жакындарым. Алар ар дайым чоң колдоо көрсөтүп келишет. Жолдошум түшүнүп туура мамиле жасап дайыма колдоп турат. Продюсер менен иштешпейм. Айланадагы жакындарымдын өзгөчө ушул өмүрлүк жарымдын моралдык жактан колдоп турганы мага өзгөчө күч берет.

- Чыгармачылыкка аттанууга ким түрткү болгон?

- Чыгармачылыкка аттанууга бала кезден мыкты инсандар түрткү болду деп ойлойм. Кыргыз элибиздин сыймыгы болгон Саламат Садыкова, Роза Аманова жана башка ушул сыяктуу мыкты чыгармачыл инсандардын ырларын жакшы көрүп укчумун. Ушул инсандар дагы түрткү болду. 3-класста окуп жүргөн кезимде балдар музыкалык мектебине комуз үйрөнгөнү барып калдым. Анан өзүбүздүн мектептеги мугалим Нургул Орозбаева деген эже болчу өрүк комузду алып сен ырдайсың, ырдай аласың деп текст жаттатып, жаттай албасам дагы микрофонго илип берип ырдоомо түрткү болгон десем болот. Мени көп элге чыгарып, майрамдык кечелерде ырдатып, чыгармачылыкка аттанууга түрткү болгон инсандардын бири ушул эжем болду.

- Жетишкендиктериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

- Турмушта жетишкендигим бул жубай болуп, бактылуу үй-бүлө куруп, бала жытын жыттап калганыма бактылуумун. Буйурса экинчи баламды көтөрүп жүрөм. Бул менин чоң жетишкендигим. Ал эми чыгармачылыкта бир аз да болсо элге атым угулуп, ырым угулуп, эл ичинде ырдап калганыма бактылуумун. Буйурса алдыга койгон максаттарым көп, дагы чыгармачылыкта көп жетишкендиктерге жетип, элиме чоң кызмат кылам деген ниетим чоң.

- Кандай ырларга басым жазап ырдайсыз?

- Мен ырлардын алгач сөзүнө маани берем. Укканда кандайдыр бир көңүлдү бурган, көөдөндү ойготкон, сезимге бөлөгөн чыгармалар жагат. Анан обону дагы шайкеш келип турган ырларды тандайм. Минорный чыгармаларга жакынмын. Өзүмдүн мүнөзүм токтоо болгондуктан жай, муңдуу ырларды аткарганды жакшы көрөм.

- Алдыга койгон максаттарыңыз?

- Менин максатым ушул тандаган жолумдун өтөөсүнө жетүү. Ушул жолдо элдин алкышына арзуу, тарыхта калуу. Буйурса улуу ырчылардын, улуу өнөр адамдардын жолун жолдоп, мен дагы ырчы катары элдин жүрөгүнөн түнөк табышым керек деп максат койгом. Мисалы мыкты ырчылардын мыкты ырлары уккан адамдардын кулагында жаңырып калат. Мен дагы ошондой деңгээлде ырдагым келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
“Коопсуз микрорайон” долбооруна 1.5 млн сом бөлүндү
“Коопсуз микрорайон” долбооруна 1.5 млн сом бөлүндү
УКМК: коррупциялык схема түзгөн кызматкерлер кармалды
УКМК: коррупциялык схема түзгөн кызматкерлер кармалды
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Чачты өстүрүүчү маскалар
Чачты өстүрүүчү маскалар
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
 Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Космосбек Чолпонбаев:
Космосбек Чолпонбаев: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда