Ырчы Толгонай Арзыкеева 20-февралдан баштап Россия боюнча гастролго чыгат. Бул тууралуу ырчы өзү маалымдады.

“Убакыт келди деп ойлойм.Буйруса, жакында Россия боюнча гастролдор башталат.Даярдык толук жүрүп жатат.Турне 20-февралдан 11-мартка чейин пландалды. Элестетип көрүңүз ар бир күнү концерттер, учуулар, репетициялар жана ар бир күнү мунун баары жаңы жагдайда болмокчу. Бир аз толкунданып жатам, дайыма масштабдуу турненин даамын таткым келчү.Балким ушундан кийин мен толук башкача адам болуп кайтып келем. Чыныгы артист болом!,-деп пикирин бөлүштү ырчы.

Эскерте кетсек, жаш ырчы эки жыл мурда Despacito деген кавер ыры менен абдан таанымал болгон.