Евразия жылдызы, таланттуу ырчы Гүлжигит Калыковдун жубайы, блогер Айпери Куржумбаева психологго кайрылган адамдар жана психологиянын пайдалуу жактары тууралуу өзүнүн пикирин бөлүштү.

“Психология биздин коом үчүн кадимки көрүнүш эмес. Эл менен психология тууралуу сүйлөшсөң жана психологго бардым десең психикасы туура эмес адамды элестетишет.

Бирок жан дүйнөдө болуп жаткан нерселерди, ички таарынычтарды айтып бергенде канчалык жөнөкөй жана жеңилдеп каларыңызды элестетишиңиз кыйын. Жакындарыңа айта албаган нерсеңди сүйлөшөсүң, сизди башка тараптан караган адамдын пикирин уккуңуз келет.

Менин психологум менен ушундай сеанстан кийин жеңилдик жана тигил же бул маселеге башка бир көз караш менен кароо пайда болот. Мен мындай тренингге катышканым үчүн Евгения Шепелевага ыраазычылык билдирем”,-деп жазды блогер.

Учурда бул постко 2000ден ашык адам жактыруу белгисин коюшту. Пикир жазгандар Айперини кубатташууда.