Ырчы Алмаз Шаадаевдин“Эки жүрөк”деп аталган клибин 4 миллиондон ашык көрүүчү көрдү. Бул тууралуу ырчы өзү маалымдады.

Клип 2019-жылдын 18-ноябрында, тактап айтканда үч ай мурда ырчынын Ютуб каналына жүктөлгөн. Учурда ага 31 миң адам жактыруу белгисин басышты. Видеодо сүйүү баяны чагылдырылган.

Буга чейин ырчынын “Эми мага баары бир” деп аталган клибин көргөн адамдарын саны 23 миллионго жеткен болчу.

Эскерте кетсек, Алмаз Шаадаев 1990-жылы 11-сентябрда Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган.“Фаридам”, “Күлүп койчу айдай”, “Карындаш” деген ырлары менен белгилүү.

https://www.youtube.com/channel/UCIJ-PZEY7piL0NtdUrzkIYw