“Ак демилге” коомдук фондунун директору, ырчы Турдакун Ниязалиев өзүнүн күйөрмандары үчүн ар дайым маанилүү пикирлерин бөлүшүп келет. Бул ирет бөлүшкөн посту окурмандары үчүн кызыктуу болду.

“Бул жашоо өтө кыска. Сага билдирбей сыза берет... Бир карасаң жашооңдун бир канча бөлүгүн жашап койгон болосуң. Сен өткөндөн кийин жакындарыңа элесиң гана калат. Ал эми Жараткандын алдында кылган жакшы же жаман амалың калат. Кайра жаралып жакшы амал кылууга мүмкүнчүлүк жок. Бирок, ал мүмкүнчүлүк сенде азыр бар. Ошондуктан башкалардын акысын жеп, көңүлүн калтырып, аларга текеберлик кылып, көрө албастык кылып, аларга ичиңди тарытып, тымызын душмандык кылып же ачыктан - ачык зулумдук кылба! Алла кечиримдүү! Бирок, бир нерсени эске сал! Сен зулум кылган адам сени кечирмейинче сени Алла дагы кечирбейт”,-деп эскертти ырчы.

Учурда Инстаграм социалдык тармагында ырчынын 172 миңден ашык катталуучусу бар.

Белгилей кетсек, Турдакун Ниязалиев "Ак-Демилге" коомдук фондунун директору. Ал 1985-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Көк-Таш айылында туулган.

«Жубайыма», «Мухаммедим», «Апама» деген ырлары менен элге кеңири таанылган.