Ырчы, өзүн тойлордун ханышасы деп атаган Айгерим Расул кызы күйөрмандары үчүн жаңы гив оюнун баштады.

“Менин жеке гив оюнум старт алды. Баардыгыңыздарды оюнга активдүү катышып, баалуу белектерге ээ болууга чакырам. Баш байге «Тойота Хайлэндер»”,-деп билдирди ырчы айым.

Ошондой эле ал жасалма баракчалардан абайлоону өтүндү. Оюндун кененирээк шарттары менен ырчынын Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасынан таанышсаңыз болот.

Эскерте кетсек, ырчы Айгерим Расул кызы 1991-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында туулган. Атасы ырчы Расул Маматкулов менен чоң сахнага чыгып “Түнкү Бишкек” аттуу ыры менен элге таанылган.“Өзүң эле”, “Келем сага” жана башка ырлары, клиптери менен белгилүү.