Учурда ырчы Толгонай Арзыкеева Россияда концерттик тур менен жүрөт. Ырчы кыз концерттен алган таасирлери менен бөлүштү.

“Мыкты команда, мыкты көрүүчүлөр, Кудайга шүгүр концерт сонун болуп жатат. Ар бир шаардын өзүнчө атмосферасы, адамдары дагы бири-бири менен айырмаланып турат экен. Кечээ эле Якутск шаарында -30 градус жерде жүрүп, бүгүн Хабаровск шаарына жайга келгендей эле болдук. Бизди тосуп, сыйлаган байке эжелерибизге терен ыраазычылык. Негизи эле кыргыз эли аябай мейман дос келет экенбиз, анан дагы боорукер, адамгерчиликтүү болот экенбиз”,-деген пикирин билдирди ырчы.

Белгилей кетсек, ырчы Толгонай Арзыкеева 20-февралдан баштап Россия боюнча гастролго чыккан. Турне 20-февралдан 11-мартка чейин пландалган. Командада белгилүү ырчы Нурлан Насип, Союзбек Сейитказыевдер бар.