Ырчы Чолпон Талипбек өзүнүн күйөрмандарын Кыргызстанда учурда актуалдуу болуп жаткан «Бир адамдан бир китеп» долбооруна активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу ырчы өзү маалымдады.

“Урматтуу достор жана китеп окурмандар! Билесиздерби, өлкөбүздө «Бир адамдан бир китеп» аттуу долбоор кулачын кенен жайып, учурда өтө актуалдуу болуп жатканын?

Мына ушул жакшы жөрөлгө эми Нарын районунун Миң-Булак айылынын Куйбышев округунда старт алды. Сизди да коомдун аң-сезиминин өнүгүүсүнө, китеп менен дос болуп, китепкөй акылдуу жаштардын өсүүсүнө кайдыгер карабаган инсан катары, таасирдүү жакшы китептерди берип, айылдын китепканасына өз салымыңызды кошууга чакырабыз! Бишкек шаары үчүн: Ала-Тоо аянты, "Илбирс" чүй тарабынан "Долон стиль" дүкөнүнө тапшырсаңыздар болот”,-деп билдирди ырчы.

Эскерте кетсек, Чолпон Талипбек 1990-жылы 22-сентябрда Кант шаарында туулган. 2009-жылы NON STOP тобунун курамында ырдап чыгып, "Бийиктик", "Только с тобой" жана "Hands up, people" деп аталган ырлары хит болгон. "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” деп аталган тасмада актриса катары күчүн сынаган. Инстаграмда колдонуучулары миллиондон ашкан ырчылардын бири.