Эң жогорку акы төлөнүүчү ырчы-Бейонс

Эң жогорку акы төлөнүүчү ырчы-Бейонс
23-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:59

2017-жылдын эң жогорку акы төлөнүүчү айымы катары америкалык ырчы Бейонс аталды. Бул жыйынтыктык “Forbes” журналынын дүйшөмбү күндөгү чыгарылышында жарыяланган.

Рейтингде сөз болгондой, ырчы бир жылда 105 миллион доллар киреше тапкан. Андан кийинки орунда дагы бир ырчы айым Адель 69 миллион.доллары менен тизмекке кирген. Мурдагы жылы көч башчы болгон Тейлор Свифт бул жылы 44 миллион доллары менен үчүнчү катарга илинген. Эскерте кетсек, 2016-жылы Свифт -170 миллион долларга алда кайда көп тапкан.

Бейонстун көпчүлүк киреше булагы акыркы “Lemonade” альбомунун сатылышынан жана “Formation” аталышындагы концерттик турунан түшкөн. Мындан сырткары, 36 жаштагы ырчынын жеке кийим топтому бар.

Ошондой эле эң бай ондук тизмеке Селин Дион, Дженнифер Лопес, Долли Партон, Рианна, Бритни Спирс, Кэти Перри кирген. Топ-10ду Барбара Стрейзанд жыйынтыктайт. 2017-жылы анын эстрадалык эмгегинин кирешеси 30 миллион долларды түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!