Дүйнөнүн келишимдүү актерлору

Дүйнөнүн келишимдүү актерлору
24-Ноя. 2017, Жума, 11:41

Алтын бөлүм формуласына таянып жана жылдыздардын эталонго шайкеш келген бейнесин салыштырып отуруп, Лондон пластикалык хирургия борборунун кызматкерлери келбети сулуу актерлордун рейтингин түзүштү.

Бет жүзүнүн сулуулугу дене мүчөсү менен төп келип, сулуулук эталонуна шай келген актерлор кимдер?

1. Кино жылдызы Джордж Клуни дүйнөдөгү эркек адамдардын арасындагы эң келбеттүү актер деп таанылды. Анын келбети идеалдуу эталонго окшоштугу 91,86 пайызга шайкеш келген.

Джордж Клуни 1961-жылы 6-мартта дүйнөгө келген. 56 жашта.

2. Экинчи орунда атактуу актер Брэдли Купер турат. Анын окшоштугу 91,8 пайызды түзгөн.

42 жаштагы актер 1975-жылы туулган.

3. Келбети дене мүчөсүнө шай Брэд Питт — 90,51 пайызга жакын деп таанылган.

Ал 1963-жылы 18-декабрда жарык дүнүйөгө келген.

4.Төртүнчү катарда — Уилл Смит - 88,88 пайыз болгон.

Актер 1968-жылы 25-сентябрда туулган.

5. Тизменин бешинчи катарында жайгашкан актер- Идрис Эльба, анын келбети 87,93 пайыз эталонго төп келген.

1972-жылы 6-сентябрда туулган.

6. Андан кийинки катардагы эң келишимдүү актер катары таанылган Райан Гослинг - 87,48 пайызга эталонго жакындаган.

Райан 1980-жылы 12-ноябрда дүйнөгө келген.

7. Ал эми Джейми Фокс 85,46 пайызга төп келип рейтингди жыйынтыктаган. Ал 1967-жылы 13-декабрда төрөлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!