Дүйөнүн эң бай жаштары

Дүйөнүн эң бай жаштары
25-Ноя. 2017, Ишемби, 14:37

Америкалык “Forbes” журналы шоу-бизнес менен спорт тармагындагы 30 жашка чейинки бай жылдыздардын тизмегин жарыялады. Рейтингге кирген 30 адамдын 2016-2017-жыл аралыгындагы кирешесин кошкондо 1,24 миллиард долларды түзгөн.

Ошону менен, 30 жашка чейинки эң бай жылдыздар тизмегин 27 жаштагы Эйбел Тесфайе аттуу музыкант баштайт. Бул бейтааныш угулган ысымды The Weeknd лакап атын укканда тааныйбыз. Ал 2016-жылдын 1- июнунан баштап, 2017-жылдын 1-июнуна чейин 92 миллион доллар тапкан. Тесфайе өзүнүн ырларын алгач 2000 -жылдары “YouTube” каналында жашыруун ат менен жарыялаган. Андан үч жыл өткөндөн кийин “Kiss Land” аталышындагы дебюттук альбомун сунган. The Weeknd — бир нече «Грэмминин» ээси жана «Оскарга» да сунушталган. Кирешесинин көп бөлүгүн, тагыраагы 75 миллион долларга жакын акчасы концерттеринен түшөт.

“Forbes” рейтингинин экинчи сабында 23 жаштагы канадалык аткаруучу Джастин Бибер орун алган. Ал бир жылда 83,5 миллион доллар кирешеге кол жеткизген. Ушул бир жыл ичинде ал 105 концерт өткөргөн жана “Calvin Klein” компаниясы менен келишим түзгөн.

Үч илтикти 69 миллион доллар кирешеси менен ырчы Адель толуктайт. Британиялык артист акыркы «Грэмми» салтанатында чыныгы триумфатор болду. Адельдин «25» аттуу альбомы 2016-жылы 1,73 миллион тираж менен сатылып, эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон.

Бул тизимге баскетболчу Кевин Дюрант (60,6 миллион доллар), гольфчу Рори Макилрой (50 миллион доллар), ырчы Тейлор Свифт (44 миллион), модель Кайли Дженнер (41 миллион доллар), футболчу Неймар (37 миллион доллар) менен ырчы Рианна (36 миллион доллар) сыяктуу белгилүү жылдыздар жана дагы башкалар кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!