2017-жылдын эсте калган үлпөт тойлору

2017-жылдын эсте калган үлпөт тойлору
30-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:15

Бул үйлөөнү тойлор жомоктогу иллюстрациялардан кем калбаган сыяктуу: ак түстөгү кооз көйнөктөр, салтанатка арналган сарайлар, арабанын ордуна лимузиндер жана албетте ханзаада. Ушул жылдын башкы үйлөнүү үлпөт тойлору кандай өттү?

1. Светлана Устинова жана Илья Стюарт

Россиялык кино актриса менен продюсердин никелешүү расими 2016-жылдын аягында өткөн. Бирок жубайлар эч качан өздөрүнүн карым-катнаштарын жарыялашкан эмес жана 2017-жылы 24-июнь айында өткөн тойдогу сүрөттөрдү достору интернет айдыңына бөлүшүшкөн. 35 жаштагы актриса үчүн бул экинчи нике. Той “La La Lend” стилинде уюштурулган.

2. Бьянка Балти жана Мэттью МакРэй

Быйылкы жылы экинчи ирет той көйнөгүн кийген 33 жаштагы италиялык модель Бьянка Балти да бар. Мэттью МакРэйден кызы бар модель тойду Калифорниядагы ранчо өткөрүү үчүн болгон күчүн салган. Ампир стилиндеги укмуштуудай кооз көйнөк модель үчүнчү ирет кош бойлуу болушу мүмкүн деген ойго түрткөн. Эске сала кетсек, Бьяанканын биринчи никесинен бир кызы бар.

3. Анастасия Шубская жана Александр Овечкин

Россиялык хоккейчи жана актриса Вера Глаголеванын кызы 2016-жылдын август айында никеге расмий түрдө турушкан. Бирок алар ушул жайда гана тойду өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышкан. 2017-жылдын 8-июлунда Россия президенти резиденциясындагы Майендорф сарайында үйлөнүү тою өттү. Коноктор арасында негизинен ата мекендик шоу-бизнес элитасы болду. Белгилей кетсек, 2017-жылы Овечкин “Forbes”тун рейтинги боюнча эң жогору маяна алган спортчулардын тизмегине кирди.

4. Виталина Сидоркина жана Валерио Морабито

30-июнда Италиянын Амальфи жээктеринде 23 жаштагы топ-модель Виталина Сидоркина менен италиялык миллионер Валерио Морабито үйлөнүштү. Келин тойго Зухаир Мураттын саркеч кийимин кийген жана коноктордун арасында Сара Сампайо, Айрис Ван Берн, Мелисса Тамерин жана Мэдисон Хедрик аттуу моделдер болду.

5. Алена Краснова жана Никита Пресняков


Ушул жылдын эң белгилүү окуясы - Примадоннанын небересинин үйлөнү тою. 26 жаштагы Никита менен 20 жаштагы Алена 2014-жылдан бери, кыз 10-классты бүтүргөн кезде сүйлөшүп башташкан. 2017-жылдын март айында Никита ага сунуш киргизген. Үйлөнүү тою баардык салт боюнча өттү: сатып алуу, конкурстар, загс, үч метрлик бийик торт да болду. Үйлөнүү тойдон кийин жаш жубайлар Америкага бал айын өткөрүү үчүн узап кетишти.

6. Лолита Османова жана Гаспар Авдолян

Бул жылдын эң үлпөттүү жана укмуштуудай тою катар олигарх Альберт Авдоляндын уулу жана «Межрегионсоюзэнерго» холдингинин ээси Эльдар Османовдун кызынын үйлөнүүсү болуп эсептелинет. Той Лос-Анджелестеги белгилүү “Dolby” театрында өттү. Бул жерде жыл сайын «Оскар» сыйлыгын тапшыруу салтанаты өткөрүлөт. Коноктор үчүн Ксения Собчак, Светлана Лобода, Николай Басков жана Леди Гага өнөрлөрүн тартуулашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!