Мелания Трамп Ак үйдү кооздоду (видео)

Мелания Трамп Ак үйдү кооздоду (видео)
1-Дек. 2017, Жума, 12:14

Желеде АКШнын биринчи канайымы Мелания Трамптын Рождество майрамына карата Ак үйдүн ичин кооздогон сүрөттөрү жарыяланды. Фотосүрөттөрдү байланыш директору Стефани Гришем жайгаштырган.

Интернет айдыңындын колдонуучулары бул декорацияны сынга алышып, мындай стиль коркунучтуу фильмдерге арналгандай болгон деген билдирүүлөрдү калтырышкан.

Андагы декорацияны "Сияние" же "Ведьма из Блэр" коркунучтуу тасмаларына салыштырышкан.

Бул сындарга карабай Мелания Трамп жаңы жыл алдында Ак үйдү биринчи жолу кооздоду.

Ошону менен катар, АКШ президенттинин бөлмөсүнөн башка жактар майрамга шай келип, өзгөчө атмосферага чулганган.

Ак үйдү негизинен кооздогон Висконсинден алып келинген 5,5 метрлик жаңы жылдык арча болду. Мындан башка Ак үйдүн ар бир бурчу 52 майрамдык балаты менен кооздолгон.

Бардык бөлмөлөр менен фасаддарды кооздо декорацияларына 3 миң метрге жакын лента, 300 метр гирлянд, 18 миң кол чырак жана 12 миң оюнчук кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!