Баласынын айынан сыйлана албай калды

Баласынын айынан сыйлана албай калды
2-Дек. 2017, Ишемби, 14:03

“Common Cause” өкмөттүк эмес таасирдүү уюм мурдагы Калифорниянын губернатору Арнольд Шварценеггерге “Биз-эл” аттуу сыйлыгын тапшыруудан баш тарткан. Буга активисттердин "анын никесиз төрөлгөн баласы бар" деген нааразычылыктары себеп болгон. Бул тууралуу “Deadline” билдирүүдө.

Уюмдун жетекчилигине активисттер кайрылган өтүнүчтө "Арнольд сыяктуу адамдарды колдоо менен “Common Cause” жалпы куугунтуктоону колдоорун көрсөтмөкчү жана анын курмандыктарынын оозун жабууга аракет кылмакчы. Анын ордуна, “Common Cause” бул кеңири таралган көйгөй менен күрөшүүгө салым кошуусу керек",- делет билдирүүдө.

Бул маселе боюнча уюмдун башчылыгынын расмий түшүнүктөмөсүндө мындай делет: «Бир жыл мурда биз губернатор Арнольд Шварценеггердин Калифорниядагы жана бүткүл өлкөдөгү республикалык жана демократтар арасында демократиялык баалуулуктарды жана алдамчылыкты алдын алууга деген чоң жетишкендиктерин атап өтүү максатында чечим кабыл алдык. Бирок губернатор биздин күрөшүбүзгө тоскоолдук жаратпоону чечип жана салтанаттуу расмий иш-чарага катышпастыгын билдирди. Жана биз өз кезегинде ага сыйлык бербейбиз”.

Эскерте кетсек, 2011-жылы Шварценеггердин мурунку үй кызматкеринен никесиз төрөлгөн баласы бар экени жарыяланган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!