Голливуддун акылдуу актрисалары

Голливуддун акылдуу актрисалары
6-Дек. 2017, Шаршемби, 15:08

Голливуд актрисаларынын сулуулугу тууралуу гана ар дайым айтылат. Бирок кээ бир жылдыздар сулуулугу менен бирге эле акылдуу да болушат. Алар окуганды жакшы көрүшөт жана алардын бир эмес бир нече билимге ээ болгондору да бар. Бүгүн биз дүйнөлүк жылдыздардын ичинен алты сулуу, акылдуу жана IQ- су чындап жогору деңгээге ээ Голливуддун актрисалары тууралуу сөз кылмакчыбыз.

1. Джоди Фостер

IQ : 132

Бул америкалык актриса жана режиссер Лос-Анджелестеги француз лицейлеринин биринде бакалавр даражасын гана албастан, ошону менен бирге Йель университетинин адабият даражасына да ээ. Джоди француз жана италян тилинде эркин билсе, ошондой эле испан жана немис тилдеринде сүйлөй алат.

2. Натали Портман

IQ : 140

Натали билим алып, окуганды жакшы көрөт. 2003-жылы Гарвард университетин психология адистиги боюнча бүтүргөн. Ал 6 тилде, анын ичинде япон, француз, араб, немис жана иврит тилдерин эркин сүйлөйт.

3. Шакира

IQ : 140

Бул колумбиялык ырчы жана бийчи англис, француз жана португал тилдерин кошкондо жети тилде эркин оюн билдирет. Ал искусствонун тарыхын изилдеген. 2007-жылы Калифорния университетинде «Европалык маданиятка киришүү» курсуна тапшырган.

4. Шарон Стоун

IQ: 154

Бул актриса сулуу жана талаттуу гана эмес, ошону менен бирге өтө акылдуу. Шарон өтө зээндүү студент болгондугуна байланыштуу мектепти эрте бүткөн. Алган стипендиясынын аркасында Эдинборо университетине тапшырган. Кийинчерээк укук таанууну окууну токтотуп, көркөм искусство тармагы боюнча диплом алган.


5. Лиза Кудроу

IQ: 154

«Достар» сериялындагы Фиби Буффэнин ролун аткарган белгилүү актрисаны биология тармагында даражасы бар. Мындан сырткары бир нече илимий макалаларды жарыялады.

6. Леди Гага

IQ: 166

Бул өзгөчө ырчы жана актрисанын мындай жогорку деңгээлге ээ деп ким ойлоптур? Төрт жашында фортепианодо ойногонду үйрөнгөн. 17 жашында Нью-Йорк университетине тапшырган. Кийинчерээк ал окууну таштап салганына карабастан, ал өтө акылдуу жан экенин далилдей алды.

Кандай гана болбосун бул голливуд актрисалары дагы бир жолу аял сулуу гана болбостон акылдуу да боло аларын тастыкташты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!