Баян Эсентаева Алагөзова аталды

Баян Эсентаева Алагөзова аталды
7-Дек. 2017, Бейшемби, 16:24

Аты чуулгандуу продюсер Баян Максат кызы (ред.Эсентаева) сүйүктүсү Турсынгали Алагөзовдин ысымын алды. Бул тууралу продюсердин өзү интернеттеги баракчасына жазып чыкты.

Салган видеосуна карасак, ашыктар никелерин кыйганга окшойт. Бирок бул тууралуу экөө тең үн каткан жок. Баян Максат кызы саркеч ак көйнөк кийип, колуна гүл кармап турат. Видеонун жанына «Алагөзова Баян Максат кызы» деп жазып койгон. Интернет колдонуучулары болсо эки жупка бакыт тилеп, кутуктоолорду жадырып жатышат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!