"Жылдын рэпери" өлүм жазасына кесилет

8-Дек. 2017, Жума, 13:15

"Жылдын рэпери" өлүм жазасына кесилет. Бул эч кандай фейк же эч кандай кинодон алынган үзүндү эмес. Бар болгону 17 жашында АКШнын реп-индустриясын ээлеп алган жигиттин ысымы - Тэймон Трэвон. Көпчүлүккө "Тay-K- 47" деген лакап аты менен белгилүү.

Ал буга чейин кылмыш жасап, керек болсо эки адамдын өлүмүнө себепкер болгон. Аны менен бирге ал сот өкүмү чыкканча тартип сакчыларынан качып кеткен.

Ал эми анын жыл жаңылыгына айланган чыгармасы да "Качкын" деп аталды. Ал мында өзүнө издөө жарыялаган плакаттардын жанына туруп клип тарткан. Колунда тапанча кармап түшкөн.

Азыр Тay-K туткундалган. Соттун чечимин күтүп жатат. Ага өлүм жазасы кесилиши толук мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!