Ханзааданын болочок жубайы элди кызыктырууда

Ханзааданын болочок жубайы элди кызыктырууда
12-Дек. 2017, Шейшемби, 16:26

Акыркы убактарда массалык маалымат каражаттарында катуу талкуу жараткан ханзаада Гарринин болочоктогу жубайы көңүл борборунда турат. Албетте ханзааданын тандоосу көпчүлүктү таң калтырбай койгон жок. Мурунку актриса, Меган Маркл буга чейин актердук карьерасы менен кош айтышаары тууралуу билдирген. Ал экинчи Диана ханышадай боло алабы деген суроо туулат.

Ханзаада Гарринин болочоктогу жубайы британдыктардын көңүлүнө жагып, аз убакыттын ичинде ал Кейт Миддлтон жетпеген жетиштиктерге жете алды. Тактап айтканда - элге Уэльстин ханышасынын кайрылып келүүсүнө үмүт берди.

Британдыктар башында ханзааданын тандоосуна анчейин жакшы көз карашта болушкан эмес эле, бирок анын алгачкы расмий сапары Ноттингемге королдук үй-бүлөнүн өкүлү катары барган сапары музду эритти. 1-декабрда-СПИД менен күрөшүү күнү болочок жубайлар Ноттингемшир борборуна кайрымдуулук жарманкесине катышышкан. Аталган иш-чарада көпчүлүк Гарринин келечектеги жубайы өтө жөнөкөй жана сымбаттуу экенин белгилешкен.

Анын үстүнө ал өзүнүн бүтүндөй өмүрүн королдук статуска ээ болгон сыяктуу өзүн эркин алып жүргөн. Меган Маркл Гарринин жанындагы ролун жакшы түшүнүп гана койбостон, аны үйрөнүп алгандыгы анык болду. Ал күлүп, колдорунан кысып, адамдар менен маектешип, кичинекей балдар менен ойногон.

Шаарда Гарри менен Мегандын пайда болгондон бир нече сааттан кийин баардык Ноттингемде Мисс Марклга кызыгуу жаралып, жактыра башташкан. Топтошуп турган адамдардын ичинен бири: «Диана сени жакшы көрмөк» деди. Кейт менен Меганды салыштырууга (эми муну ар дайым жасашат) келсек алар экөө ар түрдүү экенин түшүнүшөт. Ханзааданын болочоктогу жубайы Кембридж герцогиниясы Кейтке караганда Дианага окшоп кетет. Кейт – акылдуу, күчтүү, баардык кыйындыктарга туруштук бере алган айым катары өзүн көрсөтө алды. Бирок анда маркум ханыша Дианага окшош чыныгы харизманын жоктугун айтып келишет. Бирок Мегандан бул мүнөздөмөлөрдүн баарын табууга болот.

Бирок Диананын тагдырындай тагдыр Мегандын башына түшпөйт. Биринчиден, Меган менен Гарри бири-бирин жакшы көрүшөт. Бул алардын бирин-бири колдоп, кол кармашып басканынан, бирин-бири көздөрүнөн түшүнүшөөрүнөн билинип турат. Экинчиден, Гарри адамдын көңүлүн өзүнө бурдурууга тырышпайт, бул анын атасынан айырмалап турат. Үчүнчүдөн ал өзүнүн энесин эсинен чыгарбайт жана жакшы көрөт, ошондуктан ар бир Меганга карата айтылган сын-пикирлер аны чөктүрбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!