Атактуулар аллеясында дагы бир жылдыз жанды

Атактуулар аллеясында дагы бир жылдыз жанды
15-Дек. 2017, Жума, 12:44

“Голливуд актеру Дуэйн Джонсон Голливудтагы атактуулар аллеясында өз жылдызына ээ болду”,-деп жазат "People” журналы. Бүгүнкү күндө 45 жаштагы актер кино жаатындагы эң жогору киреше тапкандардын катарына кирет.

Жылдызды тапшыруунун расмий салтанатты жакынкы күндөрү болуп өттү. Иш-чарага актер өзүнүн сүйүктүүсү Лорен Хашиан менен бирге келген. Алар азыркы убакта наристе күтүп жүргөн маалы. Актер кинокарьерасында ага жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирди.

Дуэйн «Скала», "Форсаж 8", "Спасатели Малибу" тасмалары аркылуу белгилүү. Жакынкы убакта анын катышуусу менен жаңы фильм "Джуманджи: Зов джунглей" экрандарда чыга баштайт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!