Ырчы Айдана Деки кимдерди туурагысы келген? (клип)

Ырчы Айдана Деки кимдерди туурагысы келген? (клип)
15-Дек. 2017, Жума, 13:02

Жакында эле эстрада ырчысы Айдана Дека белгилүү ырчы Ильяз Абдыразаковдун “Эргүү” деп аталган ырын аткарып чыккан. Клип дагы тартып, учурда “Ютуб” каналында көрүүчүлөрдүн сынынан өтүп жаткан учуру.

Айрым интернет колдонуучулары Айдана Деканы клибин сынга алып, корей ырчыларынын клиптерине окшошуп калганын жазышууда.

“Клиптеги бийчилердин кыймыл аракети Кореянын PRISTIN – We like ырындагы кыздардын тобуна окшоп калыптыр. Бирок, бийчилердин аракети жаман эмес”, “Корейлерди канча туурасак дагы аларга жетпейбиз” деген билдирүүлөрдү калтырышкан. Ошол учурда ырчынын клиби жакшы болгонун айтып чыгармачылык ийгиликтерди каалагандар арбын.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!