Достугу үчүн бир миллион доллар берди

Достугу үчүн бир миллион доллар берди
18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:43

Америкалык актер Джордж Клуни досторунун адалдыгына ыраазы болуп, акча толгон чемодан белек берди.

Анын айтуусу боюнча, 2003-жылы Клуни 14 досун үйүнө конокко чакырган. Коноктор өздөрүнө тиешелүү отургучтардан портфелдерди көрүшкөн. Алардын ар биринин ичинде миллион доллар болгон экен.

«Баарыбыздын башыбыз кошулган кезде, сиздерге алкыш иретинде акча берүү мен үчүн маанилүү», – деген актер.

Клунинин айтуусу боюнча, өзү «Уулдар» деп атаган достор тобу актерго көп жардам берген экен. Ошондуктан Клуни аларды өзгөчө сыйлат.

Актердун досу Джербердин билдирүүсү боюнча, ал акчалай белектен баш тартмакчы болгон. Бирок Клуни досторунн бири акчадан баш тартса, калганы да белектен кур калаарын айткан.

Джордж Клуни – голливуд жылдызы. Ал көптөгөн голливуддун фильмдерде башкы ролдорду аткарган. Актер "От заката до рассвета"", ""Миротворец"", ""Бэтмен и Робин", "Одиннадцать друзей Оушена" жана башка фильмдери аркылуу белгилүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!