Кайрат Нуртастын ата-энеси ырдап чыгышты

Кайрат Нуртастын ата-энеси ырдап чыгышты
19-Дек. 2017, Шейшемби, 10:36

Белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртастын ата-энеси Нуртас Айдарбеков менен Гүлзира Айдарбекова индия стилинде, индия ырын казакча ырдап чыгышты. Кайраттын апасы жана ошол эле маалда продюсери “Instagram” тармагындагы жеке баракчасында бул кечеден видео жүктөп жарыялаган.

«Индия стилинде болгон кечте индия ырын казакча сөз жаздырып, аткарууга тырыштык. Нури, Гули деп жаздык. Себеби күйөөм экөөбүздү кыскартып аташкан ысымыбыз ушундай. Концерт кандай стилде өтөөрү биздин идея эмес. Биз болгону шартты аткардык. Бул концертте ырчылар гана эмес «Маxабат ааламы» чыгармачыл инсандар, актерлор, бизнесмендер менен жөнөкөй эл сахнада өнөрлөрүн таруулашты. Уюштуруучулардын максаты– үй-бүлөлүк маxабатты, сый мамилени, ынтымакты өсүп келе жаткан урпакка көрсөтүү жана жаштарды тарбиялоо», – деп билдирүү калтырган Гүлзира Айдарбекова.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!