​Ырчылар “Кыргызстан обондоруна” кайрылуу жолдоду

​Ырчылар “Кыргызстан обондоруна” кайрылуу жолдоду
19-Дек. 2017, Шейшемби, 12:39

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Бейне-Өнөр” фонду менен биргеликте автордук укук жана чектеш укуктар маселелери боюнча тегерек стол өткөрдү. Ага авторлор, аткаруучулар, телерадиокомпаниялардын өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Тегерек столдун жүрүшүндө авторлор жана аткаруучулар автордук калем акы төлөөдө кээ бир телерадиокомпаниялардын адилетсиз мамилесин белгилешти.

Атап айтканда, авторлор “Кыргызстан обондору” радиокомпаниясын өзгөчө белгилешти. Автор жана аткаруучу Айбек Карымовдун айтуусунда бул радио кыргыз чыгармаларын күнү-түнү уктурган эң чоң радиостанция болуп эсептелет жана радиодон кеткен жарнамалардын бааларына караганда булардын кирешеси бир топ эле чоң. Бирок ошого карабай, алардын төлөп жаткан автордук калем акынын өлчөмү арзыбаган жана алардын кирешесине төп келбейт.

Ушуга байланыштуу тегерек столдун катышуучулары бул радионун жетекчилигинин дарегине төлөнүп жаткан калем акылардын өлчөмүн кескин түрдө жогорулатуу талабы менен жамааттык кайрылуу жөнөтүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!