Сталлонеге карата арыз түштү

Сталлонеге карата арыз түштү
21-Дек. 2017, Бейшемби, 14:56

Актерду айыптап жаткан бул окуя болжол менен 30 жыл мурда болгон.

Белгисиз аял полицияга актер Сильвестр Сталлонеге карата арыз жазып кайрылган. Анда аны зордоду деп айыптаган. Арызда болгон окуя 30 жыл мурда болгону жазылган. Бул тууралуу “korrespondent.net” маалымат булагы билдирет.

Арызды кабыл алган Санта-Мониканын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ушунча узак убакыт мурда болгон ишке кылмыш козгоо мыйзамга туура келбегенин, маселе кайра каралышы зарыл экенин билдирген.

Белгисиз аял Сталлоне анын кеңсесинде жолугушуу маалында күч колдондуу деп билдирген. Болгон окуяны актер жокко чыгарды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!