Фахрие Эвджендин тынчын алган дарт

Фахрие Эвджендин тынчын алган дарт
23-Дек. 2017, Ишемби, 11:20

Бир нече күндөн бери түрк киносунун жылдызы Фахрие Эвджен тынчын алган дарты менен Түркиядагы атактуу клиникалардын биринин кабылдамасында болгон.

“1news.az” маалымат булагынын кабарлоосу боюнча, актриса акыркы убакта ооруп жүргөн дарты омуртка сөөктөрүнүн жылышып кетүүсүнөн улам дарыгерлерге кайрылган.

Дарыгерлердин кеңеши боюнча актриса 20 сеанстуу физиотерапия курсунан өтө баштаган.

Ошону менен бирге, Фахрия Эвдженге жөө көп басууга тыюу салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!