​“Жебе” тобуна жети жыл

​“Жебе” тобуна жети жыл
8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:52

Төрт жигиттен куралган “Жебе” тобу быйыл топтун 7 жылдык мааракесин белгилешет. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Кенже Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын күз айларында Бишкекте “Жебе” тобунун чыгармачылык шоу концерти өтмөкчү.

“Быйыл “Жебе” тобунун 7 жылдык мааракелик концерти өтөт. Ага учурда даярдык көрүп жаткан учурубуз. Өткөн жылы топтун ар бир ырчысына клип тарттырып келген болсом, быйыл топтун клиптери жарык көрмөкчү. Жаңы ырларды дагы жаздырып жатабыз”,-деди Кенже Дүйшеева.

Кошумчалай кетсек, “Жебе” тобу алгач сахнага 2012-жылы чыккан. Топ 4 жигит Кумар, Минур, Медер, Самат аттуу жигиттерден куралган. Арадан 7 жыл өткөнүнө карабай топтун солисттери алмашпастан чыгармачылыктарын улантып келишүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!