«Евровидение» конкурсунун жеңүүчүсү көз жумду

«Евровидение» конкурсунун жеңүүчүсү көз жумду
8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 15:05

Француз ырчысы Франс Галль 70 жашында көз жумду. Бул тууралуу жекшемби күнү, 7-январда "France Info” шилтеме берип “lenta.ru” сайты маалымдайт.

Ырчынын кайтыш болуусунун себеби акыркы эки жылда алышып келген онкологиялык оору себеп болгон. Галл Париждин жанындагы ооруканага 2017-жылдын декабрь айында жаткырылган.

Маалымдалгандай, 1993-жылы күйөөсү Мишель Берже кайтыш болгондон кийин ырчыда көкүрөк рагы аныкталган.

Галл музыкадагы кадамын 1963-жылы 16 жашында баштаган. Эки жылдан кийин, 1965-жылы ал Люксембургдун атынан «Евровидение» конкурсунан “Poupée de cire” ыры менен жеңишке жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!