Актер Михаил Державин көз жумду

Актер Михаил Державин көз жумду
10-Янв. 2018, Шаршемби, 13:08

Россиянын эл артисти, сатира театрынын жетекчиси Михаил Державин 81 жашында кайтыш болду.

«Узак жана оор дарттан кийин, бүгүн Россиянын эл артисти Михаил Державин кайтыш болду», - деди театр өкүлү.

Михаил Державин – советтик жана россиянын театр жана кино артисти, РСФСРдин эл артисти.

1936-жылы 15-июнда Москвада Вахтангов театрынын жетекчи актерлорунун бири - Михаил Степанович Державиндин үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген. Көптөгөн сыйлыктардын ээси ошону менен бирге III даражадагы Мекен алдындагы кызматы үчүн ордени менен сыйланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!