Бруно Марстын клиби 12 млн көрөрман жыйнады

Бруно Марстын клиби 12 млн көрөрман жыйнады
11-Янв. 2018, Бейшемби, 14:09

Америкалык ырчы жана продюсер Питер Джин Хернандез, Бруно Марс деген лакап аты менен белгилүү хип-хоп аткаруучу Cardi B. менен биргеликте клип тарткан. Видео 2018-жылды 3-январында “YouTube” каналына жүктөлүп, 5-январь күнү эртең менен 12 миллиондон ашык көрөрман жыйнаган.

Клип Бруно Марстын «Finesse» трегинин ремиксине тартылган.

930 миңге жакын көрүүчү бейне роликти оң баалашса, дагы 25 миңи «дизлайк» коюшкан.

Клипте түрлүү-түстүү костюмдар пайдаланылган. Ал эми декорациясы театр сахнасында болуп жаткандай сезимдерди калтырат. Ошондуктан ал чакан музыкалык мюзиклга окшоп калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!