Белгилүү ырчы, 3 кыздын энеси Анжелика Бекболиева көп жылдан бери чогуу жашап келген жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашат. Бул тууралуу kurut сайты маалымдаган.
Ажырашуу процесси 29-январга белгиленген. Ал эми ырчы азыркы тапта Дубайда эс алып жүргөнүн жарыялап, жакынкы күндөрү баары ачыка чыгаарын маалымдаган.
Эске салсак, ырчы Анжелика Бекболиева менен Урмат Бекболиев 2007-жылы баш кошушкан. Дээрлик 10 жыл чогуу түтүн булатып, 3 кыздуу болушкан.