Дженнифер Лопес 1,340 долларга байпак алды

Дженнифер Лопес 1,340 долларга байпак алды
13-Янв. 2018, Ишемби, 15:51

“Instagram” бетинде 48 жаштагы Дженнифер Лопес Гуччиден жаңы сатып алган байпагы менен мактанды.

Жылдыз өзүнө 1340 доллар турган ак байпак сатып алган. Ал байпак көптөгөн жалтырак таштар менен кооздолгон. Жакында ушул сыяктуу дагы бир байпакты ырчы Рианна да алган эле.

“Instagram” баракчасына бөлүшкөн бул сүрөтүндө Дженнифер Лопес ак жүндөн токулган жемпир жана ошондой эле түстөгү юбка менен күлгүн түстөгү бут кийим кийип түшкөн.

Ал эми ырчынын күйөрмандары бул сүрөтүн алдына “Джей Ло сен мыктысын!” “Сен карыйсынбы же периштесинби?” деген пикирлерди калтырышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!