Баардык убактын мыкты актеру аталды

Баардык убактын мыкты актеру аталды
15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:20

Белгилүү “Ranker” порталы колдонуучулардын пикири боюнча, бардык убактын мыкты актеру аныктоо үчүн сурамжылоо уюштурду. Рейтингдин лидери "Форрест Гамп", "Изгой", "Спасти рядового Райана", "Капитан Филлипс" жана башка тасмалары менен белгилүү Том Хэнкс аталды.

Актер үчүн 22 миң колдонуучу добуш берген.

Анын артынан эле тизме боюнча актриса Бетт Дэвис ("Все о Еве, Смерть на Ниле"), ал эми үчүнчү орун "Кресный отец" жана "Апокалипсис сегодня" тасмаларында тартылган Марлон Брандого ыйгарылган.

Мындан сырткары рейтинге Роберт де Ниро, Джеймс Стюарт, Джек Николсон, Кэтерин Хэпберн, Морган Фримэн, Энтони Хопкинс жана Дастин Хоффман аттуу актерлор кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!