Ди Каприо жаңы тасмада

Ди Каприо жаңы тасмада
16-Янв. 2018, Шейшемби, 10:02

Америкалык актер Леонардо Ди Каприо режиссер Квентин Тарантинонун жаңы тасмасына тартылат. Бул тууралуу “Variety” маалымат булагы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кино 1969-жылы болгон окуялар, анын ичинде Чарльз Мэнсондун сектасы тууралуу баяндалат.

Ошондой эле, фильмге Том Круз жана Аль Пачино тартылуусу мүмкүн.

Эскерте кетсек, Тарантино жана Ди Каприо “Джанго” атуу фильмдин тартууда чогуу биргеликте иштешкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!