​Иманалиева: Клара экөөбүздүн мамилебиз эң сонун

​Иманалиева: Клара экөөбүздүн мамилебиз эң сонун
26-Янв. 2018, Жума, 16:20

Жакында эле маалымат сайттардын биринде "КРнын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева менен Клара Алибекова чогуу иштешпей, урушуп кетиптир",- деген маалымат тараган. Иманалиева өзүнун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жогорудагы маалыматты четке какты.

“Соцтармактарда Клара экөө бет карашкыс болуп урушуп кетиптир деген сөзгө таң калып турам. Ооба, Кларага чын дилимден бир ырын жаздырып фотосессия жасатып жардам көрсөткөнүм чын. Бирок, эч кандай урушу жок эле. Клара жайга чейин ден соолугумду чыңап анан баштайын эже деген. Биз Клара экөөбүз өмүр бою чогуу иштешебиз деген эмеспиз! Көңүл чөгүп турган кезде кол сунуп, колдон келген жардамымды гана бергем! Клара экөөбүздүн мамилебиз эң сонун! Алга Клара!”,-деди Айчүрөк Иманалиева.

Ал эми Клара Алибекова менен байланышканыбызда, учурунда Айчүрөк Иманалиева моралдык, материалдык колдоо көрсөткөнүн, мамилелери жакшы экенин жана такталбаган маалыматтар чыгып жатканын кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!